Бишкектин стационарларына кайрылуулардын саны азаюуда. Муниципалитеттен билдиришкендей, өтүп кеткен сутка ичинде күндүзгү стационарларда 3 миң 200, түнкү стационарларда 590 бейтап тейленди.
Буга чейин бул көрсөткүч дээрлик 3 эсе жогору болчу.
Белгилеп кетсек, күндүзгү стационарлар медициналык жардамга кайрылган жарандарды эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин кабыл алса, түнкүлөр кечки 8де ачылат.