Жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдумга даярдык иштери дээрлик аяктады

Жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдумга даярдык иштери дээрлик аяктады. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, добуш берүү үчүн урналар тилкелерге жеткирилди. Учурда операторлор жабдууларды тестирлөөдөн өткөрүп жатат. Эске салсак, өлкө аймагында 2 миңден ашык шайлоо тилкеси ачылат. Ал эми шайлоочулар тизмесине 3 миллион жаран кирди.

 

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум ушул жекшемби, 11-апрелде өтөт.