Пекинде COVID-19 илдетине каршы чаралар күчөтүлдү

Пекинде COVID-19 илдетине каршы чаралар күчөтүлдү. 22 миллион жашоочусу бар шаар тургундарына үйлөрүнөн иштөө көрсөтмөсү берилди, бир катар кан жолдор, парктар, турак жай комплекстери жабылды, айрым автобус каттамдары токтоп турат.

 

Муну менен бирге бийлик тест тапшырууну күчүнө киргизди. Дүйшөмбүдө Кытай башкалаасында коронавирустун өлкө ичинде тараган дагы 49 учуру катталды. 22-апрелден бери вирус жугузгандар 760 кишиден ашты.

 

Шанхайда дагы 322 кишиден вирус табылганы, 3 жарым миңден ашуун кишиде COVID-19дун белгилери байкалбаганы менен, анализдери таза эмес чыкканын жергиликтүү бийлик маалымдады. 8-майда 11 бейтаптын өлүмү катталган. Калаада бир нече айдан бери вирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаң чаралар көрүлүп келатат. Айрым учурларда элге жумалап сыртка чыгууга тыюу салынып, нааразы тараптар кагылышууларга чейин барганы социалдык тармактарда кабарланган.

 

Оорунун азыркыдай толкуну Кытайда 2020-жылдан бери катталган эмес.