Жогорку лигада «Сары Өзөн» жеңүүчү болду

9-май Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы жеңүүчү болду.

 

Баткен облусунун Халмион айылында өткөн финалдык беттеште чүйлүктөр Таластын “Ынтымак” командасы менен беттешти. Оюндун негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген 10 мүнөттө жеңүүчү аныкталбай, буллитте Чүйдүн оюнчулары алдыга чыгып, жеңишке жетишти (2:1).

 

Ушуну менен 3-жолу катары менен көк бөрү боюнча республикалык турнирлерде аталган командалар финалда беттешти.

Буга чейин эки жолу “Ынтымак” командасы Сары-Өзөндү финалда утуп келген. Былтыр 31-августта эгемендикке арналган мелдеште «Ынтымак» «Сары-Өзөндү»7:0, «Нооруз-2022» турниринде 4:1 эсебинде жеңип алган.

 

Баткен облусунун Халмион айылында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 1-майда башталган. Оюндар үч лигада болду.

 

9-майда Биринчи лигада финалда “Алай” жана “Көк бөрү мектеби” ойноп, 5:1 эсебинде “Алай” оюнчулары жеңишке жетти. 40 жаштагы ардагер көк бөрүчүлөр арасында Талас командасы баш байге алды. Алар финалда чүйлүк атаандаштарын 4:1 эсебинде утуп алышты.