Баткен облусунун Кадамдай районунда катталган катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти

Баткен облусунун Кадамдай районунда катталган катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти.

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, шамал кечээ болжол менен саат 19:45те катталган, учурда шамалдн ылдамдыгы такталууда.

«Катуу катталган шамал Кадамжай шаарынын Северный көчөсүндө жайгашкан №25 көп кабаттуу турак үйдүн чатырын учуруп кетти.

Жерине куткаруучулар тартылып, чатырдын калдыктарын коопсуз жайга жылдырып беришти», — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон кошумчалашкандай, бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.