Президенттикке талапкерлер күрөө акысын 3-декабрга чейин бериши керек

Президенттикке талапкерлер күрөө акысын 3-декабрга чейин бериши керек. Боршайкомдун маалыматына ылайык, күрөөнүн суммасы 1 миллион сомду түзөт. Эгер талапкер шайлоодон утулуп калса, бирок добуштардын 5 же андан көбүрөөк пайызы чогулта алса, анда анын акчасы кайтарылат.

 

Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.