Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды.
Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, облустарга дайындалган өкүлдөрдүн тизмеси боюнча Абдикарим Алимбаев — Баткенге,
Сабыркул Ашимбаев — Нарынга, Зиядин Жамалдинов — Ошко,
Мирбек Кожоев —Ысык-Көлгө, Бакытбек Нарбеков — Таласка жана
Абсаттар Сыргабаев —Жалал-Абадга, ошондой эле Эркин
Тентишев —Чүй облусуна бекитилди. Эске салсак, буга чейин
өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту
президенттики болуп кайра түзүлдү.