Рамзан Кадыровдун 21 жаштагы кызы маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Республиканын башчысы Telegram-каналына жарыялагандай, Айшат Кадырованын өтө оор долбоорлорго
жетекчилик кылууда тажрыйбасы бар. Ал жетектеген мода үйүнүн коллекциялары көптөгөн өлкөдө бааланып,
чечендердин каада-салтын бүт дүйнөгө таанытканы айтылат. Ошондой эле Айшат Кадырова ушул жылы
«Чечен Республикасынын алдындагы эмгеги» медалы менен сыйланган.