Жогорку Кеңешти шайлоого карата айрым үгүттөө чараларына тыюу салынат

Жогорку Кеңешти шайлоого карата айрым үгүттөө чараларына тыюу салынат.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, партияларга концерттерди,

спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, тоонун боорунда саясий уюмдун аталышын

жазууга тыюу салынат. Бирок стадиондордо шайлоочулар менен ыр, бийи жок,

программасы тууралуу гана айтып жолугушуу өткөрсө болот. Андан тышкары,

18 жашка чейинки балдардын сүрөттөрүн колдонууга болбойт. 18 жашка чыга

элек адамдар үгүт иштерине катыша албайт. Ошондой эле кварталдык

комитеттердин башчылары  жана талапкерлердин жакындарына дагы

үгүт иштерине катышууга уруксаат жок.