Москвада мигранттарды Кыргызстанга жөнөтүүгө жардам берүүнү убадалап, акча чогулткандар кармалды

Москвада мигранттарды Кыргызстанга жөнөтүүгө жардам берүүнү убадалап, акча чогулткандар кармалды.

Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей,  жарандарды чартердик каттамдардын тизмесине киргизүүгө

убадалап элден акча чогулткан 12 жарандын 20 алдамчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталды.

Шектүүлөр 435 миң 700 рубль өлчөмүндөгү материалдык зыян келтиришкен. Фактылар боюнча

Россиянын мыйзамдарына ылайык үч кылмыш иши козголду.

Ал эми 6 фактыга байланыштуу кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып жатат.