Россияда 1-августтан тарта эл аралык аба каттамдар ачылат.
Премьер-министр Михаил Мишустин билдиргендей, аба жолдору алгач
Улуу Британия, Түркия жана Танзинияга уюштурулат. Алгачкы учактар
Москва, Санкт-Петербург жана Ростова-на-Дону шаарларындагы аэропорттордон учат.
Ал эми 10-августтан тартып аба каттамдар көбөйтүлө баштайт.