Кыргызстанда 1-июндан тарта экономикалык жана социалдык тармактардагы ишмердүүлүк толугу менен жанданат

Кыргызстанда 1-июндан тарта экономикалык жана социалдык тармактардагы ишмердүүлүк толугу менен жанданат. Бирок объектилерде санитардык талаптар аткарылышы зарыл, — дешти Республикалык штабдан.

 

Андан белгилешкендей, айрым чектөөлөр гана калышы мүмкүн. Алсак, маданий, спорттук, илимий, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынат. Соода борборлорундагы балдардын оюн-зоок аянтчалары дагы азырынча ачылбайт. Ал эми 25-майда коомдук транспорт каттамдарга чыгат.