Англиянын футболдук чемпионатында оюнчулар атаандашына карап атайын жөтөлсө беттештен четтетилет

Англиянын футболдук чемпионатынын калыстары атаандаш тарапка карап атайын жөтөлгөн

футболчуларды беттештен четтетет.  Мындай учурда калыстар оюнчуга сары же кызыл айып

кагазын көрсөтөт. Бул коронавирус пандемиясынан кийинки жаңы эреже. Бул өз кезегинде

атаандашка сокку урган оройлукка барабар. Жаңы талап бардык расмий мелдештерге,

атап айтканда, Премьер-лига, Championship, Англия кубогу жана Лига кубогунда колдонулат.

Англиядагы футбол боюнча жаңы сезон 12-сентябрда башталат.