Чынгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Жашыруун добуш берүүнүн жүрүшүндө анын талапкерлигине 76 депутат «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди.
Эске сласак, депутат буга чейин Тышкы иштер министри, Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.