Уран жана торий ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам талкууга коюлду

Өлкөгө курамында уран жана торий бар калдыктары менен чийки заттарды

ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам коомдук талкууга коюлду.

Экономика министрлигинин маалыматында, көзөмөлгө алынуучу

өндүрүмдүн улуттук тизмесине өзгөртүү киргизүү каралууда.

Белгилеп кетсек, былтыр Кыргызстанда уран жана торий кендерине

геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган

мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол

уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Буга карата бир катар

жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына

каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Мындан улам өкмөт

кенди каза турган компаниянын лицензиясын токтоткон.