Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун үчүнчү этабын ишке ашырууга даярдык жүрүп жатат

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун үчүнчү этабын ишке ашырууга даярдык жүрүп жатат.

 

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асель Кененбаеванын айтымында, үчүнчү фазада жарандардын жана жергиликтүү өзүн озү башкаруу органдарынын катышуусу күтүлүүдө.

 

Тактап айтканда, тендер жана аткаруучу компания болбойт.

 

Камераларга, алардын мамыларына жана документтерге талаптар иштелип чыгат. Ал эми долбоордун экинчи этабы кийинки жылдын март айында жыйынтыкталат деп пландалууда.