Садыр Жапаровдун Азербайжанга иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 23-24-ноябрда Азербайжан Республикасына болгон иш сапары аяктады.

 

Анын алкагында Садыр Жапаров өлкө президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана арттырууга өз ара умтулууларын ырасташты.

 

Андан соң президент Садыр Жапаров БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышты.

 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө СПЕКА программасы өткөн жылдары экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, билим берүү жана саламаттык сактоону колдоого, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Борбордук Азияда жакырчылыкты азайтууга олуттуу салым кошконун баса белгиледи.

 

Саммиттин ишине Программага мүчө өлкөлөрдүн президенттери: Садыр Жапаров, Ильхам Алиев, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев, ошондой эле ардактуу коноктор катары Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили, Венгриянын премьер-министри — Виктор Орбан жана башка расмий адамдар катышты.

 

Президент Садыр Жапаров 24-ноябрда Бишкекке кайтып келди.