Көз карандысыздык күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады.

Ведомстводон белгилешкендей, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы жана 2022-жылдын 7 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 13 компания аталды:

өндүрүш жаатында – «Бессер-Центральная Азия» ААК, «Viva Tex» ЖЧК;

курулуш жаатында – «Интегра Хотел Инвестмент» ЖЧК, «Южный Комбинат строительных материалов» ЖЧК, «Южно-Кыргызский цемент» ЖАК;

соода жаатында – «Газпром Кыргызстан» ЖЧК, «Гласслэнд Компани» ЖЧК, «Ак-Бата» ЖЧК, «Прод Импекс» ЖЧК;

тейлөө жаатында – «Бакай Банк» ААК, «Нур Телеком» ЖЧК, «Скайнет Телеком» ЖЧК, «Центр отдыха «Радуга плюс» ЖЧК.

Мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктоо – бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда зор салым кошкон жана республиканын салык мыйзамын так сактаган ишкерлердин жогорку сиңирген эмгектерин мамлекет тарабынан таануусунун белгиси.