Шаардык кеңеш шайлоосуна үгүт жүргүзүү кампаниясы 11-мартта старт алат

Шаардык кеңеш шайлоосуна үгүт жүргүзүү кампаниясы 11-мартта старт алат. БШК маалыматына ылайык, айыл кеңештерине агитациялык иштер 21-мартта башталат.

 

Белгилеп кетсек, үгүт жүргүзүү добуш берүүгө 24 саат калганда, тагыраак айтканда  9-апрелде эртең мененки саат 8де токтотулат. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында өтөт. Добуш берүү 10-апрелге белгиленди.