Нарын облусунун Ат-Башы районунун эки тургунунда сибирь жарасы аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун эки тургунунда сибирь жарасы аныкталды. Бул тууралуу 24 агенттигине район администрациясынын башчысы Максат Кадыркулов билдирди.

 

Анын айтымында, алар Нарын шаардык ооруканасына жаткырылып, башка бейтаптардан обочолонду. Ал эми Кара-Тал айылында карантин жарыяланды. Белгилүү болгондой, инфекция уй этинен келип чыккан. Жалпысынан учурда 68 адам дарыгерлердин көзөмөлү алдында.