АКШда коронавирус менен ооруган жарандар аскер кызматына алынбайт

АКШда коронавирус менен ооругандар автоматтык түрдө аскер кызматына алынбайт. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги билдирет деп жазышат чет элдик басылмалар.

 

Анда аскерге чакырылгандардан коронавирус аныкталса, оорунун белгилери байкалбай өтсө же жеңил болсо, оорудан айыкса дагы аскерге жараксыз деп эсептелери айтылат.

 

Бүгүнкү күндө АКШнын 150 аскердик базасында коронавирус менен ооругандар аныкталды. Болжол менен илдетти жуктурган аскерлердин саны 6 миң 500дөй. Бирок аталган өлкө канча аскери коронавируска кабылганы тууралуу расмий маалымат бере элек.