Бишкектеги Абдрахманов – Москва көчөлөр кесилишиндеги сейил бак жарыктандырылды

Бишкектеги Абдрахманов – Москва көчөлөр кесилишиндеги сейил бак жарыктандырылды.

«Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эс алуу аймагына

көчө чырактарын орнотуп, электр зымдарын тартты. Белгилеп кетсек, буга чейин сейил бак

иретке келтирилген. Анда отургучтар, балдар аянтчасы, таштанды челектери пайда болду жана

фонтандар сырдалып, оңдоо иштери жүргүзүлүп, эски таман таштар алмаштырылды.