Шектүүлөрдү көзөмөлдөөчү электрондук билериктер үч-төрт айдын ичинде колдонула баштайт

Шектүүлөрдү көзөмөлдөө үчүн электрондук билериктер үч-төрт айдын ичинде колдонула баштайт. Бул тууралуу Юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда шектүүлөрдүн 94 пайызы камакта. Браслеттер ишке киргизилгенден кийин алардын саны бир топ кыскарышы мүмкүн.

 

Чиновник ошондой эле аппараттарды мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алуу пландалып жатканын эске салды. Билериктердин баасы 100 доллардан 1 жарым миң долларга чейин жетет.