Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон келген топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулган.
Жеринде куткаруучулар тазалоо иштерин улантып жатат.