Ошто ички жолдор жабылды

Ошто ички жолдор жабылды. Түштүк калаанын ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Абсатар Тавакаловдун айтымында, өзгөчө абал киргизилип, адамдар аз жүрүп калганы менен, унаа кыймылы азайган жок.

 

Андыктан, кошумча посттор орнотулуп, алардан жарандар өтө зарыл болгон учурда гана өткөрүлүүдө. Милиция жарандарды үйдөн чыкпай, өзгөчө абалдын эрежелерин сактоого чакырат.