Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкекте жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болот.

 

Анын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетиши күтүлөт. Андыктан, жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын, бийик курулуштардын алдынан өтпөө сунушталат.

 

Ал эми унааларды ачык аянттарга токтоткон оң болот.