Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Өлкө аймагында 7-майга чейин туруксуз аба-ырайы болот.
Басымдуу жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, ал эми тоолуу региондорго кар жаайт. Ош, Баткен, Жалал-Абаддын айрым жерлеринде нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт.
Аба-ырайынын мындай катаал шарттары айыл-чарба, транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантып, мал жаюуга тоскоолдук жаратат.