Кытайдын Ухань шаары калкы эң тез өскөн калаа статусун алды.
Бир жылда эле Уханьдын туруктуу катталган калкы 1 миллион 2 миңге көбөйүп, 13 миллион 65 миңге жеткен.
Жергиликтүү бийликтин болжолуна ылайык, Ухань жакында Кытайдын мега-шаарларынын тизмесине кошулат.
Ал эми бүгүнкү күндө бул тизмеге жети шаар кирет. Алар: Пекин, Шанхай, Тяньцзинь, Чунцин, Чэнду, Шэньчжэнь жана Гуанчжоу.