Бишкекте мектептер азырынча ачылбайт

Бишкекте мектептер азырынча ачылбайт. Шаардык билим берүү башкармалыгы жана Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору билим берүүнү оффлайн режиминде жандандырууга уруксат берген жок.

 

Борбордун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова билдиргендей, учурда мектептер муздак, жылуулук бериле элек.

 

Андан тышкары, сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустун мезгили келе жатат. Андан улам азырынча мектептердин ачылышына уруксат жок. Окуучулар качантан тартып парталарга кайтып келери, эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот.