Кыргызстанда доллар дароо 1 сомго кымбаттады

Кыргызстанда доллар дароо 1 сомго кымбаттады.

Бүгүн саат 14:00гө карата америкалык валютанын наркы 82 сом 80 тыйынга жетти, — деп билдирет “Акчабар” порталы.

Бүгүн таңда эле комбанктарда доллар 81 сом 80 тыйындан сатылып жаткан. Америкалык валютанын өсүшү

рублдун жана мунайга болгон баанын төмөндөшүнө байланыштуу. Эске салсак, 29-октябрда

Улуттук банк доллардын курсун төмөндөтүү максатында 42 миллион 400 миң долларга интервенция өткөргөн.

Бирок, бул доллардын төмөндөшүнө таасирин тийгизген жок.