Ысык-Көл облусунда кышкы туристтик сезон учурунда 700дөн ашык милиция кызматкери
коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Novosti.kgге коомдук коопсуздук боюнча
башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мирбек Табалдиев билдирди.
Анын айтымында, тартип сактоочулар Ысык-Көл облусунун ар бир районуна бөлүнөт жана
алар негизинен жөө жүрүп, күнү-түнү 2 сменде иш алып барат. Ал эми жөө жүрүүгө ыңгайсыз
аймактар үчүн 12 унаа берилет. Туристтик милицияга чет элдик жарандар дагы
кайрылып, даректерди тактап алса болот