Үстүбүздөгү жылда өлкө боюнча 73 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү

Үстүбүздөгү жылда өлкө боюнча 73 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Ага караганда,

иш орундары менен камсыздоо боюнча айыл чарба тармагы алдыңкы катарда турат.

Ишкана, уюм жана мекемелер 6 жарым миңге жакын адамга жумуш берген.

Ал эми жеке ишкерлик жана дыйканчылык боюнча 67 миңге жакын иш орду менен жарандар камсыздалды.

Белгилеп кетсек, ошол эле учурда тогуз айдын ичинде 620 ишкана толугу менен жабылып, 12 миң жумуш орду жоюлду.