Стилисттер бул сезондо кандай джинсы шымдар актуалдуу боло турганын айтып беришти

Стилисттер бул сезондо кандай джинсы шымдар актуалдуу боло турганын айтып беришти. Эксперттердин айтымында, күздө дүйнөнүн эң саркеч кыз-келиндери максималдуу түрдө бош шымдарды кийишет.

 

Бул джинсылар аларга “чөгүп кеткендей” элес калтырышы керек. Мындай шым менен жакында эле америкалык ырчы Рианна байкалды. Көптөгөн дүйнөлүк бренддер дагы өтө кенен джинсыларды чыгарып баштады. Аны футболка же пиджактар менен кийсе болот.