Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамы макамын сактап калды. Учурга карата Тесла жана Спейс Икс компанияларынын негиздөөчүсүнүн байлыгы 219 миллиард долларга теңелет.
Форбс басылмасынын рейтингинде экинчи позицияга Джефф Безос жайгашты – анын каражаты 171 миллиард долларга барабар. Дүйнөнүн эң бай адамдарынын үчилтигин 158 миллиард доллары менен Бернар Арно бекитет.