Аламүдүн-1 кичи району эртең суусуз калат

Аламүдүн-1 кичи районунда эртең, 7-сентябрда, саат 10:00дөн 16:00гө чейин ичүүчү суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Бул күнү насостук станцияны реконструкциялоо болорун айтышты.
Суу төмөнкү аймактарда болбойт:
№51 бала бакча, КРСУнун медицина борбору жайгашкан №31/5, № 16, 17, 18, 19, 20, 21, 37, 38, 39, 40, 41, 42, 43, 86, 91, 92, 93, 94, 95 үйлөр жана андан сырткары Загорская көчөсүндөгү № 30, 54 турак-жайлар.