Дүйнө акырындап коронавирус чектөөлөрүнөн баш тартууда

Дүйнө акырындап коронавирус чектөөлөрүнөн баш тартууда. Кезек коңшу Өзбекстанда. 1-марттан тарта өзбекстандыктар ачык жерлерде медициналык беткап кийбей эле жүрсө болот.

 

Мындай чечим Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Өзбекстанда коронавируска кабылуу учурлары азайганына байланыштуу кабыл алынды. Белгилеп кетсек, чектөөлөр ошондой эле Европа мамлекеттеринде алынып жатат.