Арыктайм десеңиз организмде калийди жетиштүү деңгээлде камсыздаңыз

Арыктайм десеңиз организмде калийди жетиштүү деңгээлде камсыздаңыз.

Диетолог Елена Кален айтып бергендей, организмде витамин жана минералдар жетиштүү

түрдө болгондо гана адам бат арыктайт. Витамин жана минералдар майды эритип,

денеден суюктукту бөлүп чыгарат. Бул процессте калий маанилүү роль ойнойт.

Калий өсүмдүктүн бардык түрүндө, үндүк жана сүттүн курамында көп. Ошондой эле

төө буурчак, деңиз капустасы, брокколи, сууга бышкан картошкада аталган

витамин көбүрөөк. Мындан тышкары какао жана миндаль дагы калийге бай.