Курман айт күнү өлкөдө 8 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу 1 миң 300гө жакын кызматкер тартылып, алар 1 миң 100дөйү атайын постто иштешет, — дешти Ички иштер министрлигинен.
Эске салсак, быйыл Кыргызстанда 9-июль Курман айт майрамы деп жарыяланды.
Бул күн дем алышка туш келгенине байланыштуу 11-июль – дүйшөмбү да эс алуу күнү болот.