Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу 2024-жылы жыйынтыкталат

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу 2024-жылы жыйынтыкталат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, трассаны куруу иштери 3 этапка бөлүнгөн.

 

Учурда экинчи жана үчүнчү фазанын алкагында активдүү жумуштар жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 860 миллион долларды түзөт.