Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин жарым жылдагы инвестициясы 30 миллиард сомго жетти

Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин жарым жылдагы инвестициясы 30 миллиард сомго жетти. Ведомство маалыматына ылайык, декабрга чейин  өлкө аймагында 87 объекттин курулушу аяктап, колдонууга берүү сунушталып жатат.

 

Арасында 29 мектеп, 12 көп функционалдуу спорт зал, 9 бала бакча, 1 медициналык жай, 2 маданий объект жана башкалар бар.

 

Андан тышкары,  28 имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.