Бишкектин жаны конуштарындагы жашоочуларга 2 миңден ашык техникалык паспорт берилди

Бишкектин жаны конуштарындагы жашоочуларга 2 миңден ашык техникалык паспорт берилди.

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, жалпысынан алты миңден ашуун кайрылуу түшкөн.

Паспортто кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар бар.

Башкача айтканда, бул жер тилкесин мыйзамдаштырууга укук бербейт, болгону ошого чейинки процедуранын алгачкы этаптарынын бири.