Бишкекте ирригациялык тармактарды орнотуу иштери уланууда

Бишкекте ирригациялык тармактарды орнотуу иштери уланууда. Мэриянын маалыматына караганда, дээрлик 18 миң метр тармак тартуу пландалууда.

 

Учурда 17 көчө тилкесинде иштер жүрүп жатат.

 

Мэрия шаардыктарды магистралдык каналдарды жана дренаждык түйүндөрдү таштанды менен булгабоого, ошондой эле шаар кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.