Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Бишкекте хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Биринчиликте алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күч сынашып жатат. Беттештер “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада өтүүдө.

 

Эгер ата мекендик курама команда утуп чыкса, хоккей боюнча экинчи дивизиондун “Б” тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.