Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Чанкая районунда 8-октябрда ачылган паркта улуу жазуучунун бюсту орнотулуп, ага «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деген сөзү жазылган.
Ачылыш аземине Кыргызстандын жана Түркиянын расмий өкүлдөрү катышты.