Кыргызстан кумшекердин арзан баасы боюнча ЕАЭБде жана коңшу мамлекеттер арасында экинчи орунда турат. Бул тууралуу Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Андан белгилешкендей, 30-апрелге карата биздин өлкөдө кумшекердин бир килограммынын баасы 82 сом турат. Беларусияда гана бул азык арзаныраак – 65 сом. Өзбекстанда кумшекер 85 сом, Россияда 90 сом, Казакстанда 93, Арменияда 95 жана эң кымбат Тажикстанда – 100 сом.