Түштүк калаада Жаңы жылга карата башкы балаты тургузулуп жатат.
Бирок, массалык оюндар жана концерттик программа уюштурулбайт, — деп билдирет
шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчиси Элдияр Кадыркулов. Анын айтымында,
балатыны кооздоо үчүн былтыркы оюнчуктар колдонулат. Эскилер сынып-талкаланган
учурда гана жаңылары сатып алынат. Иш-чаралардан бир гана кайрымдуулук акциялары өтөт.
Тагырагы, аз камсыздалган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гана жардам берилет.