Түштүк Корея ӨКМге тез жардам унааларын берди

Түштүк Корея Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тез жардам унааларын берди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, төрт атайын техника бардык жабдуулар менен жабдылган.

 

Унаалар гранттык негизде өткөн жылы жетишилген келишимдердин алкагында тапшырылды. Атайын техника Кыргызстанга 2024-жылдын башында келет.