Бишкекте чак түштө асманга ок аткан эркек кармалды

Бишкекте чак түштө асманга ок аткан эркек кармалды. Ордо калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ Айтматов проспектинде Тойота Камринин айдоочусу айнектен курал чыгарып, асманга аткан.

 

Издөө жарыяланып,  23 жаштагы эркек кармалды. Ага карата “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Кармалган адамдан «МР-371» үлгүсүндөгү сигналдык тапанча алынган.