Бишкектеги Жумушчулар шаарчасы районунда ок атылды

Бишкектеги Жумушчулар шаарчасы районунда ок атылды.

Травматология жана илим-изилдөө борборуна ок тийген үч киши кайрылды.

Бул тууралуу нөөмөттөгү дарыгер билдирди. Белгилеп кетсек,

кечээ кечинде Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылып,

төрт унаа жабыркады. Ошондой эле атышуу болгон жерден гильзалар табылды.

Аталган факты кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө жүрүүдө.