Таласта жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматынын инспектору пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.   Ага ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматына Айтматов (мурдагы Кара-Бура) районунун тургуну аны инспекторлор токтотуп, тиешелүү категориясы болбогондугуна байланыштуу 15 000 сом бергенин айтып арыз менен кайрылган. Тергөөдө Айтматов РИИБинин… Кененирээк…

Кыргызстанга 26 млн сомдук товар бажы алымысыз кирген

  Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөдө ЕАЭБ жана бажы мыйзамдарын бузуулар аныкталды.   Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылдан азыркыга чейин «Л.» аталышындагы компания тарабынан Кыргызстандын аймагына SB-303, SB-306, SB-316 үлгүсүндөгү Android TV BOX товарлары бажы алымы жок ташылган.   Интернеттеги ачык булактарда жогоруда… Кененирээк…

Бишкек шаарындагы атышууга шек саналып тогуз киши кармалды

Бишкекте курал колдонулган мушташка байланыштуу тогуз киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматка караганда, 13-майда шаардын Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп, ок атылгандай добуштар угулганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексиниин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш… Кененирээк…

Москва райондук сотунун судьясы кармалды

Москва райондук сотунун судьясы УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга укук коргоо органдарындагы булактар билдирди. Соттор кеңеши маалыматты ырастап, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгенин кошумчалады. Азырынча судья кайсы ишке айыпталып жатканы тактала элек. Аталган орган толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

Ошто 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды

Ош шаарынан 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Ш. аттуу аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизат сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.   Билдирүү маалыматтарды каттоо… Кененирээк…

Коррупциялык схема уюштурган «Унаа» мекемесинин адистери кармалды

Коррупциялык схема уюштурган «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бажы жана башка төлөмдөрдөн качуу максатында автотранспорт каражаттарын… Кененирээк…

Бишкекте Ленин районунун башкы архитектору пара алып жатканда кармалды

Бишкек шаарындагы Ленин районунун башкы архитектору менен Мамлекеттик картографиянын башкы экономисти камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.   Айтылган адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (жеке өзү же ортомчулар аркылуу пара берүүгө мажбурлоо) менен айып коюлууда. Маалым болгондой, Ленин районунун… Кененирээк…

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьерлер кармалды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьерлер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык кармоого бөгөт коюу максатында активдүү иш-аракеттер уланууда. Жакында туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулоо менен алектенип жаткан 40 жаштагы Түп айылынын тургуну Р.Б. кармалган. Кармалган… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыр каржы пирамидасынан 350дөн ашык адам жабыркаган

Кыргызстанда былтыркы жыл ичинде жалпы 350дөн ашык адам жабыркаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган. «Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана… Кененирээк…

Чүйдө айыл өкмөттүн жерин мыйзамсыз сатууга шектүүлөр камалды

Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып жиберүүгө шектелген кызматкерлер камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Ысык-Ата районуна атайын текшерүү жүргүзүшкөн. Анын негизинде 2017-2018-жылдары Новопокровка айыл өкмөтүнө караштуу 20 гектар аңыз-шалбаа турак жай куруу үчүн сатылып кеткени… Кененирээк…